Симбиоз

Википедия дан
Өсүмдүктөрдөгү симбиоз.

Симбиоз( грек. συμ- — «бирге, биргелешип» и βίος — «жашоо») — ар кандай түрдөгү организмдин узакка же дайыма биргелешип жашоосу. Симбиоз өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, өсүмдүк менен жаныбардын, жаныбарлар менен микроорганизмдердин ортосунда болот. Көп учурда симбиоз эки жакка тең пайдалуу.

Өсүмдүктөрдөгү симбиоз[оңдоо | булагын оңдоо]

Өсүмдүктөрдө болуучу симбиозго татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн тамыры менен козу карындын ортосундагы микориза мисал боло алат, ошондой эле чанактуу өсүмдүктөр менен түймөк бактериялардын симбиоз кеңири белгилүү.

Жаныбарлардагы симбиоз[оңдоо | булагын оңдоо]

Жаныбарлардагы симбиозго качкын рак менен актиниянын бирге жашоосу кирет. Актиния рактын үлүл кабыгына жабышып жүрөт, анын калган тамагы менен азыктанат.

Адам менен жаныбардагы симбиоз[оңдоо | булагын оңдоо]

Мындан тышкары адам жана жаныбарлар менен микроорганизмдердин ортосундагы симбиоз кеңири таралган. Айрым бактериялар адамдын ичегисинде жашап, адамдын жашоосуна керектүү витаминдерди бөлүп чыгарат. Жаныбарлар менен өсүмдүктүн симбиозна курт-кумурскалар менен ачыткы козу карындын бирге жашоосу мисал болот.

Комменсализм[оңдоо | булагын оңдоо]

Бактериялар, козу карындар курт-кумурсканын денесинде жашап, анын эсебинен тамактануу менен алардын организминдеги зат алмашууга, башкача айтканда кант жана башкалар кошулмалардын ажырашына катышып, ага пайда келтирет. Чогуу жашагандардын бири экинчисине зыян келтирбей убактылуу же дайыма жашоосу комменсализм деп аталат.

Симбиоз — мителик[оңдоо | булагын оңдоо]

Эгерде Симбиоздо жашагандардын бири экинчисине зыян келтирсе антагонисттик Симбиоз — мителик деп аталат. ,

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8