Синалоа картели
Синалоа же Тынч океан картели (исп. Sinaloa; Pacific Cartel) Мексикадагы эң ири баңги картели [1] [2] . Гусман-Лера уюму катары да белгилүү. Картелге АКШдагы бардык баңги аткезчилигинин 60% га чейин туура келет [3].
Синалоа картели |
---|
|
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Картел 1980-жылдардын аягында түзүлгөн.
2011-жылдын 31-октябрында АКШнын Аризона штатында масштабдуу атайын операциянын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери баңги аткезчилигине шектелген 70 адамды кармашкан. Алардын баары Мексиканын Синалоа баңги картели менен кызматташкан [4]. Мексика Синалоа картелине байланышы бар 599 учакты жана тик учакты колго түшүрдү. Бул Aeromexico флотунан дээрлик беш эсе көп, бирок белгилей кетүү керек, Синалоа картелинин учактарынын көпчүлүгү кичинекей - Cessna (эң популярдуу), Gulfsteam, Piper жана башкалар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Один из главарей наркокартеля «Синалоа» уничтожен в Мексике(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ Lenta.ru(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ Recapture of drug lord may affect the narcotics trade across Texas’ border.
- ↑ Lenta.ru: Америка: В Аризоне арестовали 70 наркодельцов(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).