Синтездик майлар

Википедия дан

Синтездик майлар — машиналар түрдүү тетиктерин майлагыч май же аларды жеңил иштетүү үчүн колдонулган органикалык жана элементорганикалык суюк же катуу бирикмелер. Нефтиден алынган майларга салыштырганда С. м. төмөнкү температурада кыймылдуу, майлоо жөндөмдүүлүгү жогору, жылуулук жана окистендиргич таасирине туруктуу келет. Өнөр жайда синтет. углеводород, полиорганосилоксан, галогеналкил, татаал эфирлер, полиапкиленгликол С. м. катары колдонулат. Синтет. углеводород олефиндер, этилен, пропилен, бутилен күкүрт к-тасы, бор фториди жана башка катализаторлор катышуусунда полимерлөөдө алынат. С. м. катарында колдонулуучу татаал эфирлер эки негиздүү к-талар менен көп атомдуу спирттер катализаторлор каты-шуусунда этерификацияланышынан алынат:

НООС(СН2)nСООН+2RОН ®

      ®RООС(СН2)nСООR + 2Н2О

СН2ОН(СН2)nСН2ОН + 2RСООН ®

®ROCO-H2C-(CH2)-CH2-OCOR+2H2O

Мындай С. м. реактивдүү самолёттор кыймылдаткычын майлоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]