Синтетикалык тилдер

Википедия дан

Синтетикалык тилдер - грамматикалык маанилерди туюнтууда синтетикалык формалары басымдуу тилдердин типологиялык тобу; полисинтетикалык жана аналитикалык тилдерге тескери түзүлүштөгү тилдер.

Тилдерди синтетикалык жана аналитикалык деп бөлүштүрүү немец окумуштуусу А. Шлегель тарабынан сунуш кылынган (флексиялама тилдер үчүн гана). А. Шлейхер (бул да немец окумуштуусу) мындай бөлүштүрүү агглютинациялама тилдерге карата колдонгон. Синтетикалык тилдердеги морфемалар агглютинация, фузия принциптери боюнча биригип, позициялык алмашууга учурашы мүмкүн (мис., гүрк тилдериндеги үндөштүк закону). Синтетикалык форма дүйнө тилдеринин көпчүлүгүнө мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9