Синцзян

Википедия дан
Синцзян

Синцзян - Кытайдын түштүгүндөгү дарыя.

Уз. 2130 км, алабынын аянты 437 миң км2 (анын 11 миңи Вьетнамда). Юньнань тайпак тоосунан башталат. Көп бөлүгүндө Наньнин тоосунун түштүк чет-жакасы менен кууш өрөөн аркылуу агат.

Түштүк Кытай деңизиндеги Чжуцзянкоу булуңуна куярда Бэйцзян жана Дунцзян дарыялары менен кошулуп, чоң (16,9 миң км2) Чжуцзян дельтасын пайда кылат.

Жылдык орточо чыгымы Учжоу шаарында 8000 сек, эң көбү 58000 м3/сек. Апрель - сентябрда ташкындап, февральда тартылат. Сугатка кеңири пайдаланылат. Төмөнкү агымында бермет кабыгы чогулту Учжоу шаарына чейин кеме жүрөт. Дельтасында Гуанчжоу (Кантон) денизинде жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.