Сирингомелия

Википедия дан

Сирингомелия — нерв системасынын көбүнчө жүлүндү жабыркаткан өнөкөт оорусу.

Оорунун пайда болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мында жүлүндүн ортосунда эт өсүп, узата кобул пайда болот. Омуртка тутумдары капталына кыйшаят, эмчек учтары денеде туура эмес жайгашат же кошумча эмчек чыгат, тилдин учу экиге бөлүнүп, тиш туура эмес жайгашат, буту-колдо кошумча манжалар өсүп, бет жана баш сөөктөрдүн формалары өзгөрөт, таңдайы бийик жайгашат. Ал тубаса болушу мүмкүн. Түйүлдүктүн жүлүнүндө жана анын мээге кеткен уландыларында өзгөрүү пайда болот. Адегенде бул өзгөрүүлөр байкалбайт. Омуртка жараланганда же ар кандай микробдор, вирустардан болгон жугуштуу оорулардан кийин, кээде өзүнчө эле жүлүн ткандары өсүп, глиоматозго алып келет. Кээде гидромиелия болушу мүмкүн.

Мында жүлүндүн борбордук каналы кеңеет. Ага омуртка сөөктөрүнүн туура эмес өсүшү себеп болот. Оорулуу адатта врачка кеч кайрылат. Көкүрөгү же колу ооруганда гана ооруну сезет (колдун манжалары начар иштеп, жумулбай калат). Оорулуу терисин күйгүзүп алса да сезбейт, бирок күйүк көпкө айыкпайт.

Оң колдун сөөктөрү сол колго караганда жооноюп, чоң болуп көрүнөт. Мындай көрүнүш хейромегалия деп аталат. Анда чыканак муундары чоңоёт, муун кыймылы начарлап, кыймылдатканда оорубайт. Териси кургап, одуракай тартат. Омуртка тутумунун узун булчуң эттери да өзгөрөт, ошол себептен оорулуу бүкүр болуп калышы ыктымал. Дарылоодо рентген нурлары жакшы натыйжа берет. Бул оору менен жапа чеккендерге оор жумуш жана ысык цехте иштөөгө, болбойт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8