Скандербег Георг Кастриоти

Википедия дан

Скандербег Георг Кастриоти (1405-ж. чен -17. 1. 1468, Леж) - албан элинин осмон баскынчыларына каршы улуттук-боштондук кыймылынын жетекчиси, Албаниянын улуттук баатыры.

Бала кезинен түрк султаны Мурад Иге барымтага берилип, кийин анын аскеринде кызмат өтөгөн. Аскер башчылык таланты үчүн бей наамын алып, Александр Македонскийдин урматына Искендер-бей (С. бузулуп айтылганы) аталган. Султанга каршы күрөшүүгө жашырын даярданып, анын душмандары менен мамиле түзгөн. Нише жанындагы салгылашта (1443, 3-ноябрь) венгр аскерлери түрк аскерлерин жеңген соң Скандербег 300 атчан аскер менен түрк лагеринен качып. Дибрага келген.

Эркин дыйкандарга таянып, албан жеринен түрктөрдү кууп чыгуута аттанган. Бир нече күндөн кийин Круяны алып, 28-ноябрда Кастриоти княздыгынын башчысы деп жарыяланган. Петреля, Петральба ж. б. чептерден турк аскерлерин кууп чыккан. Туруктуу армия түзүп, 24 жыл бою түрк баскынчыларынын ез бийлигин кайра орнотуу аракетине каршы күрөшкөн.

Скандербег таланттуу мамлекеттик ишмер болгон. АЭРде Скандербег ордени белгиленген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.