Скоморох

Википедия дан

Скоморох - орто кылымдагы орус актёрлору.

  • Алар бир эле мезгилде ырчы да, бийчи, музыкант болгон, өз алдынча ыр жана драмалык чыгармаларды жараткан.
  • 11-к. ченде пайда болуп, 15-17-кылымда гүлдөгөн.
  • Скоморохтор комедия, драма сценкаларын, муз.-бий жана акробатика номерлерин аткарып, үйрөтүлгөн айбандарды ойнотушкап.

Скоморох өнөрү чиркөө идеологиясына каршы болгондуктан алар дин кызматчылары тарабынан куугунтукталып, 1648-ж. жана 1657-ж. указ менен тыюу салынган. 17-19-кылымда Скоморох өнөрү көчмө, куурчак ж. б. театрларда гана өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.