Славян сүйүүчүлөр

Википедия дан

Славян сүйүүчүлөр (орус. Славянофилы) – 19-кылымдын 30–60 жылдарындагы орус коомундагы диний философиялык агым.

Славян сүйүүчүлөр батыш Европанын өнүгүү жолун кубаттагандарга каршы, дүйнө маданияты менен тарыхындагы Орусиянын ордун белгилешкен. Славян Орусиянын Батыш Европадан айырмаланган өз алдынча өнүгүшү жөнүндө «теория» чыгарышкан. Славян сүйүүчүлөрдүн жаралышына Чаадаевдин Орусия жана Европа тууралуу «философиялык каттары» түрткү болгон. Славяндердин көз карашын иштеп чыккандар А. С. Хомяков, И. В. Киреевский, К. С. Аксаков, Самарин жана алардан кийин В. И. Даль, Ф. И. Буслаев, Д. А. Валуев ж. б. болгон. Алар «Русская беседа», «Мольва», «Парус» ж. б. Газета журналдарды чыгарышкан. Алардын дүйнөгө болгон көз карашына диний-философиялык концепциялар, революцияга терс мамиле, монархизм мүнөздүү.

Негизинен, Славяндердин философиялык концепциясы материализмдин идеяларына карама-каршы турган. Алар интеллигенцияны эл менен жакындашууга анын турмушун, маданиятын жана тилин изилдөөгө чакырган. Славян сүйүүчүлөрү славян элдеринин улуттук боштондук кыймылынын көрүнүктүү ишмерлерине таасирин тийгизишкен. Реформадан кийин славянофилчилик өзүнчө агым катары жоголгон. Славяндердин идеологиясын В. Белинский, А. Герцен, Н. Чернышевскийлер сындашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]