Слюсаренко Захар Карпович

Википедия дан

Слюсаренко Захар Карпович (3(16). 9.1907-ж. т., Харьков обл., Змиёв ш.) - эки жолу Советтик Союз. Баатыры (1944, 1945), танк аскерлеринин генерал- лейтенанты (1963).

  • 1929-жылдан КПСС мүчөсү.
  • Орёл брондуу танк мектебин (1934), К. Е. Ворошилов атындагы Жогорку аскер академиянын Жогорку академиялык курсун бүткөн (1957).

Улуу Ата Мекендик согушта (1941 - 45) Түштүк-Батыш, Брянск ж. б. фронттордо салгылашып, танк батальонунун командиринен гвард. танк бригаданын командирине чейин жеткен. Согуштан кийин командирлик кызматтарда.

1960- жылдан аскерлер тобунун командачысына күжүрмөн даярдык боюнча орун басар. 1965-жылдан отставкада.

Эки Ленин ордени, Кызыл Туу, 2-дараж. Суворов, 2-дараж. Ата Мекендик Согуш, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар, о. эле социалисттик өлкөлөрдун 2 ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.