Сманалиев Дондой

Википедия дан

Сманалиев Дондой (18. 3. 1934, Жумгал району, Сары-Камыш кыштагы -2005, Бишкек) - эмгек ардагери, дарыгер.

  • Орто мектепти Жумгал раойнундагы жатак-мектептен аяктаган (1952).
  • Кыргыз мамлекеттик медидина институтунун хирургия факультетин бүтүргөн (1958).
  • Эмгек жолун ошол эле жылы Суусамырдагы участкалык оорукана бөлүмүндө башкы врач болуп баштаган.
  • Кийнчерээк Аламүдүн районундагы Карл Маркс совхозундагы айылдык ооруканада (1962-65) жана Васильевка кыштагындагы ооруканада башкы врач (1965-74) болуп эмгектенген.
  • 1974-ж. Фрунзедеги № 6 клиникалык ооруканада башкы врачтын орун басары болуп, ардактуу эс алууга чыкканга чейин (1994) эмгектенген.
  • Андан соң Бишкектеги республикалык пенсионерлердин эс алуу үйүндө врачгигиенист болгон (2005).
  • Аламүдүн райондук кеңешке 2 жолу депутат болуп шайланган (1963, 1968).
  • Үч жолу «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалынын жана «Эмгек ардагери» төш белгисинин ээси.
  • Бир нече жолу Ардак грамоталар менен сыйланган.
  • Теги сарыкамыштык, боргемик элинен.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9