Мазмунга өтүү

Смушкевич Яков Владимирович

Википедия дан

Смушкевич Яков Владимирович (1(14). 4. 1902, Литва ССРи, Рокишкис ш.- 28. 10 1941) - эки жолу Советтик Союз. Баатыры (1937, 1939), советтик аскер учкучу, авиациянын генерал- лейтенанты (1940).

  • 1918-жылдан КПСС мүчөсү.
  • Жарандык согушта (1918-20) аткычтар полкунун командири.
  • Учкучтардын Кача аскер мектебин (1931), М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясынын начальниктик составдын билимин өркүндөтүү курсун бүткөн (1937).
  • 1936-37-ж. өз каалоосу менен Испаниядагы жарандык согушка катышкан.
  • 1937-жылдан Кызыл Армиянын ААК башкармасынын начальнигине орун басар.
  • 1939-ж. Халхин-Голдо Японияга каршы салгылашта авиациянын командачысы.
  • 1939-жылдан Кызыл Армиянын ААКында жооптуу кызматтарда.
  • 1939-жылдан ВКП(б) БКнын мүчөлүгүнө кандидат. СССР Жогорку Советинин (1-шайл.) депутаты.

Эки Ленин ордени жана МЭРдин Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.