Снегирев Владимир Фёдорович

Википедия дан

Снегирев Владимир Фёдорович (27. 6(9. 7). 1847, Москва -19. 12. 1916 (1. 1. 1917), ошол эле жер) - орус врачы, Россияда гинекологияны негиздөөчүлөрүнүн бири.

  • 1870-ж. Москва университетинин мед. факультететин бүткөн.
  • 1884-жылдан ошол эле университеттин проф. Гинекологдордун билимин өркүндөтүү институтунун уюштуруучусу (1896) жана директору.
  • Снегирев гинекологиялык ооруларды дарылоодо көп операцияларды иштеп чыккан. Россияда 1-болуп «гинекологиянын энциклопедиясы» болгон «Маточные кровотечения» деген эмгегин жазган.
  • Снегирев - Россиядагы жана чет өлкөдөгү көп илимий коомдорунун мүчөсү.

1-Москва мед. институтунун акушерлик жана гинекология клиникасы анын ысмында.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.