Сноуден (тасма)

Википедия дан

"Сноуден" (англ. Snowden) — 2016-жылы жарык көргөн америка-немец саясий триллери. Режиссеру Оливер Стоун, сценарийдин автору Стоун менен Киран Фицжералд. Лук Хардиңдин "Сноудендин файлдары" жана Анатолий Кучеренанын "Сегиз буттун убактысы" китептерине негизделип тартылган. Башкы каарман Эдвард Сноудендин ролун Жозеф Гордон-Левитт аткарган. Ошондой эле тасмага катышкандар Шейлин Вудли, Мелисса Лео, Закари Куинто, Том Уилкинсон, Скотт Иствуд, Логан Маршалл-Грин, Тимоти Олифант, Бен Шнетцер, Кейт Стэнфилд, Рис Ифанс жана Николас Кейж. Тасма тартуу иштери 2015-жылдын 16-февралында Германиянын Мюнхен жергесинде башталган.

"Сноуден" Торонто эл аралык кинофестивалында 2016-жылдын 9-сентябрында бет ачары болгонго чейин Комик-Кон фестивалында экрандаштырылган. АКШнын кинотеатрларында ошол эле жылдын 16-сентябрынан тарта Open Road Films тарабынан көрсөтүлө баштаган. Ал эми Германиянын кинотеатрларына 22-сентябрда кирген. Тасма бир беткей ой-пикирге ээ болгон эмес. 40 млн доллар бюджет менен тартылган тасма 37.3 млн доллар топтоп, кассалык жыйымдары да канааттандыраарлык болбой калган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]