Современник (журнал)

Википедия дан

«Современник» — акын А.С.Пушкин тарабынан негизделген орус адабий жана коомдук-саясий журналы, 1836-1866-жылдары Санкт- Петербургда басылып чыккан; 19-кылымдын орто чениндеги орус адабий турмушундагы негизги окуялардын бири.

Пушкин жана Плетнёвдун "Современниги "[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А.С.Пушкин тарабынан негизделген адабий жана коомдук -саясий журнал.1836- жылы апрелде Санкт-Петербургда жылына 4 жолудан чыга баштаган.

1836-жылдын 23(11)- апрелиндеги биринчи чыгарылышында Е.Ф.Розендин "Рифма тууралуу "макаласы жарыяланган .Бүтүн журналда Николай Гоголдун "Коляска","Иштерман кишинин таңы ","Мурун "чыгармалары ,Александр Тургеневдин ,В.А.Жуковскийдин ,П.А.Вяземскийдин ,В.Ф.Одоевскийдин ,Д.В.Давыдованын ,Н.М.Языкованын ,Е.А.Баратынскийдин ,Ф.И.Тютчевдин,А.В.Кольцовдун чыгармалары басылган .Анын ичинде ырлар ,проза ,сын-пикирлер,тарыхый ,этнографиялык жана башка материалдар жарыяланган .

Журнал окурмандык ийгиликке ээ болгон эмес :Олутту мезгилдик басылманын актуалдуу көйгөйлөргө арналган ,ар түрдүү кыйытмалар менен чечмеленген жаңы тибине көнүшүш керек болчу.Журналда 600 гана катталуучу болуп , басманы кыйроо шартына кептеген ,анткени типографиялык чыгымдарды ,кызматкерлердин гонорарын да жаба албаган ."Современниктин" акыркы 2 томдугунун жарымын Пушкин өз чыгармалары менен толтурган ,көпчүлүк учурда анонимдүү түрдө