Мазмунга өтүү

Согуш аракеттеринин театры

Википедия дан

Согуш аракеттеринин театры — согушуп жатышкан тараптардын куралдуу күчтөрү иш жүзүндө согуш аракеттерин жүргүзүп жаткан аймак. Согуш аракеттеринин театры катары бейтарап жана согушка катышпаган мамлекеттердин аймагы (жер, деңиз, аба) колдонулуусу мүмкүн эмес.

Эл аралык келишимдерге ылайык, ошондой эле: а) айрым эл аралык кысыктар (м.: Аргентина менен Чилинин ортосундагы 1981-жылдагы келишим боюнча Магелландар кысыгы); б) эл аралык каналдар (мисалы, 1888-жылкы Константинополь конвенциясы боюнча Суец каналы); в) айрым аралдар жана архипелагдар (м.: 1947-жылкы Экинчи дүйнөлүк согуштун жеңүүчүлөрү менен Финляндиянын ортосундагы Тынчтык келишимине ылайык Аланд аралдары); г) айрым континенттер (м.: 1959-жылкы Келишимге ылайык Антарктика) согуш аракеттеринин театрына айландырылышы мүмкүн эмес. 1967-жылкы Космос боюнча келишимге ылайык согуш аракеттеринин театрына Айды жана башка асман нерселерин кошууга болбойт. Куралдуу жаңжалдардын укук ченемдеринде каралган атайын аймактарды түзүү максатында (мисалы, санитардык аймактар жана жерлер) согуш аракеттеринин театрынан согушуп жатышкан тараптардын мамлекеттик аймактарынын айрым бөлүктөрү чыгарылып салынышы мүмкүн.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7