Сок

Википедия дан

Сок"Манас" эпосунда топоним. Алооке Манасты конокко чакырып, ажайыпканасында багылган арстан, ажыдаар жана башкалар жырткыч жаныбарларына кийирип жок кылууну ойлойт. Барган адамды оп тартып коюучу Алоокенин ажыдаарын Манас баатыр желкеден алып сыртка сүйрөп чыгарат. Ажыдаардын сойлоп барып токтогон жери эпосто мындайча чечмеленет:

Сойлогон жери коо болду,

Барганы Соктун тоо болду,

Тоого барып жоголду,

Ажыдаар сокту деп

Сок атагы шо болду (Сагымбай Орозбаков , 2. 192).

Ажыдаар сойлогон жерин коо кылып С. тоосуна барып жашынат (Сагымбай Орозбаков, 2. 192). Географиялык реалияда Алай кырка тоосунун бөлүгүнөн орун алып Сок атыккан тоо, өрөөн, өзөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4