Солон
Солон, солоон — "Манас" эпосундагы этноним. "Манас" эпосунун көпчүлүк варианттарында кытайга караштуу эл катары берилет жана кыргыздын эпикалык душманы катарында сүрөттөлөт. С. этноними тарыхта тунгус элинин тутумунда "жогору жактын жашоочусу" катары түшүндүрүлөт. 13-кылымдагы кытай маалыматтары боюнча С. тобу түндүк Манжурияда жашаган, "Мажму ат-таварихте" мындайча маалымат айтылат: "Жолой жеңилгенден кийин Манасты ууландырууну чечти жана ушул максатта чыккынчы Тувайды Манаска жиберет, ага кызын берип, калмактын солон-шивесинин башчылыгына шайлайт", Солон, шибээ уруулары кара кытайлардын курамында болуп, бир бөлүгү 11-кылымда эле Орто Азияга келишкен. 18-кылымдын 2-жарымында Цин империясы тарабынан айрым бөлүктөрү кулжа аймагына согуштук күч катары көчүрүлүп келинген.
Нарын чөлкөмүнүн түндүк бөлүгүндөгү көл, тоо, өрөөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4