Солтонкулова Шамшы Данапия кызы
Солтонкулова Шамшы Данапия кызы (4. 3. 1941-ж. туулган, Үлгү айылы) - саймачы. Билими орто.
- Эмгек жолун мектепте лаборант болуп баштап, кийинчерээк турмуш-тиричилик комбинатында бычмачы-тикмечи болуп эмгектенген.
- Саймачылыкты таякеси Сулайманкулдан таасирленип, үйрөнгөн.
- Ошондой эле апасы Айшанын сайган саймалары, жасаган буюмдары да шык берген.
- Ал туш кийизди жогорку чеберчилик менен оймолоп, кооздоп, түстөрдү төп келиштирип айкалыштырып жарашыктуу сайган.
- Ошонун негизинде кыялы менен көптөгөн көчөт оюмдарды жараткан саймачы катары таанылган.
- Анын жараткан көркөм көчөттөрүндө салттуулук байкалып, жекече чыгармачылык изденүүсү баамдалат.
- Андан кайын сиңдиси Жанымбүбү саймачылыкты үйрөнгөн.
- Чал уруусунан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9