Соода балансы

Википедия дан

Соода балансы - белгилүү убакыт ичинде экспорт жана импорт боюнча келип түшкөндөр менен төлөмдөрдүн катышы.

Бажылык статистиканын негизинде түзүлөт жана чек арадан өткөн товарларды, о. э. экспорт менен импорттон келип түшкөндөрдү, төлөмдөрдү (алар убакыттары боюнча товарлардын кыймылдарына дал келбеши мүмкүн) көрсөтөт. Кредиттин эсебинен ишке ашырылуучу тышкы соода бүтүмдөрдүн (келишим боюнча) төлөнбөй калган бүтүм эсептешүү балансына кирет.

Ал эми төлөмдөр жүргүзүлгөн же токтоосуз жүргүзүлүшү мүмкүн болгон бөлүк-төлөм балансына киргизилет. Соода балансы активдүү (өлкөдөн товар чыгаруу ташып келинүүчү товарлардан ашып кетет) же пассивдүү (ташылып келүүчү товарлар өлкөдөн чыгарылчу товарлардан басымдуулук кылат) болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9