Сооронбаев, Абдыкерим Абдыкадырович

Википедия дан

Сооронбаев Абдыкерим Абдыкадырович (1946-ж. т., Нарын ш. ) — ишкер-бизнесмен.
1981-ж. Бишкек политех, институтун бүткөн.
1965—70-ж. Бишкек электро-техникалык заводунда слесарь, 1970—75-ж. Нарын шаардык автобазасында айдоочу, 1981—82-ж. Нарын шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазада автоколоннанын акими, 1982—85-ж. Нарын райондук ТОСЖИВде башкы инженер, 1985-жылдан Бишкек шаарындагы 16-автомобилге май куюучу станциясынын башчысы.
1991-ж. Нарын облусуна күйүүчү, майлоочу май ташып жеткирүүчү жеке менчик фирма ачып, Сооронбаевдин ишкердик жөндөмүнүн аркасында ал фирманын иши илгерилеп өркүндөгөн. Ошондон тарта Сооронбаев облустун калкына финансылык жана материалдык жардам, көрсөтө баштаган. Атап айтканда: 1991—92-ж. Нарын шаарындагы мечиттин курулушуна 1,5 млн рубль, 1993-ж. троллейбус депосуна 500 мин сом жардам көрсөткөн, жеке өзү 650 миң сом чыгарып, Нарын районун Үч-Нура айылына мечит курдурган.
1997-ж. Нарындын 70 жылдыгына карата 1 троллейбус сатып берген. Ошону менен катар каражаты жетишсиз үй-бүлөлөргө, согуштун майыптарына да жардам көрсөтүп келүүудө. Анын камкордугу бааланып, ага "Нарын шаарынын ардактуу атуулу" деген наам берилген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.