Сопулук

Википедия дан

Сопулук, суфизм – 8-кылымдын ортосунда – 9-кылымдын баш чендеринде түптөлө баштаган ислам дининдеги мистикалык агым. 9-кылымда оплуктун ири өкүлдөрү агымдын теориясын жана практикасын иштеп чыгышкан. Диний устаттардын (шайых, муршид, пирлердин) жетеги менен шакирттер даярдалган. Терең билим, жакшы жүрүм-турум, өзгөчө тазалыгы менен кадыр-баркка жеткен пирлерди олуя аташып, аларды шакирттери ыйык туткан. Бул агымдын жактоочулары – мураттар жана карапайым эл; сопулардын олуячылыгына терең ишенишип, аларды курандагы аяттардын сырын чече билген, кудай менен түздөн түз байланышы бар керемети күч кудуреттүү адамдар катары көрүп өзгөчө сыйлашкан. 9–11-кылым сопулуктун жол-жоболору жазылган эмгектер жазалган; аларда сопулктун түшүнүктөрү чечмеленген. Сопулук дүйнөнүн мусулман элдеринин бардыгына белгилүү. Бирок, ар кайсы мамлекеттерде өлкөнүн тарыхый, социалдык, маданий, турмуш шарттарына жараша өзгөчөлүктөргө ээ болгон. Түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын көз караштарына сопулук агым өзүнө мүнөздүү из салып өткөн. Ислам динин жайылтууда сопулар өзгөчө кызмат аткарышкан. Алар ислам диний жол-жоболорун, тартибин эл арасына жайылтуу, түшүндүрүү менен үгүт иштерин жүргүзүшкөн. Кыргыздарда сопулук ислам динине чейинки ишенимдер менен коштолуп, анын идеясы жана практикасы татаал синкреттүү мүнөзгө өткөн. Элдик салттарда, ырым-жырымдарда, өзгөчө оозеки чыгармачылыкта сопулукка тиешелүү символдук образдар жана мотивдер көп кездешет. Кыргыз элинин саясий тарыхында (Россия империясына каршы күрөштө Совет бийлигинин алгачкы жылдарында басмачылык кыймылдары) сопулук агымын туу кылып жаңычылыкка каршы күрөшүү идеясы күч алган. Кыргызстандын аймагында негизинен сопулуктун ысхакийе, ышкиййа тарикаттары (жолдору) тараган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.