Соттук аныктама

Википедия дан

Соттук аныктама – 1) ишти маңызында чечпеген сот аркылуу кабыл алынган сот актысы. Аныктама сот тарабынан кеңешме бөлмөсүндө чыгарылат. Татаал эмес маселелерди чечүүдө сот Аныктаманы кеңешүүчү бөлмөгө кирбестен эле чыгарып кое алат. Аныктама чыгарылаары менен дароо жарыяланат. Аныктамага жогорку баскычка даттанууга болот.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7