Софи Лорен

Википедия дан

Лорен София (өз аты жөнү – София Виллани Шиколоне), (20. 9. 1934-ж. туулган, Рим) – италиялык актриса. 1949-ж. Неополдо сулуулар конкурсуна катышып, ошол эле жылы Римде эпизоддук ролдордо ойной баштаган. «Ак күңдөр менен соодалашуу» жана «Суу астындагы Африка» (1952) фильмдери аркылуу көрүүчүлөргө таанылган. Анын актрисалык ийгилиги – «Дарыядан келген аял» (1954, реж. В. Де Сика) фильминен кийин бекемделген. 1957–58-ж. «Дельфиндин үстүндөгү бала», «Кара орхидея» (Венецияда Бүткүл дүйнөлүк кинофестивалдын (сыйлыгы, 1958) жана «Ачкыч» фильмдерине тартылган. Голливуд режиссёрлорунун фильмдериндеги ролдорго катышуусу – анын өзгөчө сулуулугун даңазалаган. Мекенине кайтып келгенден кийин режиссер Де Сиканын фильмдеринде башкы ролдордо ойногон. Режиссёр актрисанын талантын драмалык, комедиялык фильмдердеги образдар аркылуу ачкан («Боккаччо 70» 1961; «Альтонанын элден безгендери» 1962; «Кечээ, бүгүн, эртең» 1963). Согушка жана фашисттерге каршы «Чочара» фильминде жөнөкөй итал. аял Чезиранын (1960, Канндагы ЭКФ сыйлыгы, 1961, «Оскар» сыйлыгы), «Италиялыктарча үйлөнүү» фильминде Филумендин (1964, Москвадагы ЭКФтин сыйлыгы, 1965) ролун зор чеберчиликте ойногон. 1969-ж. советтик-италиялык «Күн карамалар» фильмине тартылган. Көптөгөн чет өлкөлүк режиссёрлордун фильмдеринде («Мадам Сан-Жен», «Рим империясынын кулашы», «Арабеска», «Аида», «Нан, сүйүү жана...» жана башка) башкы ролдордогу образдарды чебер ачып берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7