Социологиялык мектеп

Википедия дан

Социологиялык мектеп - эволюционизмдин кризисинин натыйжасында европалык этнологияда пайда болгон багыттардын бири.

Социологиялык мектептин өкүлдөрү этнологиянын башкы предмети деп адам коомун түшүнүшкөн. Коомду алар адамдардын ортосундагы адеп-ахлактык байланыштардын системасы катары карашат. Адеп-ахлактык байланыштар адамдарга таңууланат. Социологиялык мектептин мекени Франция, ал эми ири өкүлү болуп Э.Дюркгейм эсептелет.

Анын окуусун уланткан окуучулары: М.Мосс, К. Леви-Строс, И.Гране, Л.Леви-Брюль. Башкы идеялары: - ар бир коомдо анын туруктуулугун камсыз кылган коллективдүү түшүнүктөрдүн комплекси болот; - маданият коомду бир тилектеш кыла турган, адамдарды жакындаштыра турган функцияны аткарат; - ар бир коомдо өзүнүн адеп-ахлак түшүнүктөрү болот, алар дайыма өзгөрүп турат; - бир коомдон экинчи коомго өтүү татаал жана секирик аркылуу ишке аша турган процесс.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.