Спектроскопия

Википедия дан

Спектроскопия (спектр жана ... скопил) - физиканын электр-магнит нурлануу спектрлерин изилдөөчү тармагы.

Спектроскопиянын методдору менен атомдун, молекуланын жана алардан түзүлгөн макроскопиялык системанын энергия деңгээли изилденет.

И. Ньютон биринчи жолу күн жарыгын спектрге ажыраткандан тартып (1666) Спектроскопия пайда болгон. Спектроскопиянын жардамы менен астономиялык объектилердин составы аныкталат. Спектроскопия электр магниттик толкундун толкун узундугуна жараша радиоспектроскопия, оптикалык Спектроскопия, рентген Спектроскопия, гамма Спектроскопия ж. б., ал эми изилденүүчү системанын тибине жараша атомдук Спектроскопия, ядролук Спектроскопия болуп айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.