Спектр приборлору

Википедия дан

Спектр приборлору - оптикалык диапазондогу (10-3-103 мкм) электр магнит нурлануусунун толкун узундуктары боюнча спектрдик курамын изилдөө, нурланткычтар менен объектилердин спектрдик мүнөздөмөлөрүн табуу, о. эле спектр анализи үчүн колдонулуучу приборлор.

Алар спектрометриялык, нурланууну кабылдоо методдору, толкун узундугунун изилденүүчү диапазону ж. б. мүнөздөмөлөрү боюнча айырмаланат.

Спектр приборлорунун көп түрү бар. Алар спектрометриянын ар түрдүү методдоруна негизделген жана прибордун схемасы менен конструкциясы ошол методдорго карата түзүлөт.

Спектр приборлору негизги эки белги - каналдардын саны жана толкун узундуктарын мейкиндикте же убакытка жараша бөлүп ажыратуунун физикалык методдоруна карай бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.