Сперанский Михаил Михайлович
Көрүнүш
Сперанский Михаил Михайлович (1(12). 1. 1772 - 11(23). 2.1839 ) Петербург - орус мамлекеттик ишмери, граф (1839).
- Дин кызматкеринин үй бүлөсүнөн.
- Революциячыл кыймылды болтурбоо максатында жеке бийликке конституциялык мүнөз берүүнү, крепостной түзүлүштү капит. өнүгүүнүн талаптарына ыңгайлаштырууну көздөгөн мамлекеттик реформанын долбоорун сунуш кылган (1809).
- 1812-ж. дворяндардын кысымы менен мамлекеттик иштен четтетилген.
- 1816-ж. Пензанын губернатору, 1819-ж. Сибирдин генерал-губернатору болуп дайындалган.
- 1821-ж. борборго кайра келген. Мамлекеттик советтин мүчөсү болгон.
- Декабристтердин иши боюнча өкүм даярдоого катышкан. «Россия империясынын мыйзамдарынун толук жыйнагын» жана «Закондор жыйнагынын» басылышын жетектеген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.