Спирометрия

Википедия дан
Портативдик спирометр

Спирометрияөпкө сыйымдуулугун өлчөөчү ыкма.
Аны 1864-ж. англиялык окумуштуу Ж. Хатчисон сунуш кылган. Өпкөнүн сыйымдуулугу спирометр менен өлчөнөт. Ал суу толтурулган цилиндр идиштен жана ага киргизилген түбү өйдө караган диаметри кичине, таразанын таштары тең салмакта кармаган цилиндр идиштен турат. Ички идиштин түбүнө резина түтүгү киргизилген, терең дем алгандан чыккан аба ички цилиндрди өйдө карай түртөт да, шкала боюнча ал абанын көлөмү см3 менен өлчөнөт. Азыр спирограф пайдаланылат, анда дем алуу кыймылдары спирограмма түрүндө жазылып, өпкө сыйымдуулугу таблица боюнча эсептелет.
Спирометрия соо кишилерди медициналык кароодон өткөргөндө, ошондой эле өпкө, жүрөк-кан тамыр системаларынын ооруларын аныктоодо колдонулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8