Сподумен

Википедия дан

Сподумен (гр. spodumenos - күлгө айлануучу, spodos - күл), трифан - пироксендер тобундагы минерал.

Хим. формуласы LiAl-(Si206). Призма системасында кристаллданат. Өңү боз, саргыч, жашыл сымал, кызгылтым, айрым учурда түссүз.

Сподумендин кызгылт жана кызгылт көк түстөгүсү кунцит, ачык жашылы гидденит деп аталат. Айнек сымал жылтырайт; катуулугу Моос шкаласы боюнча 6,5-7; салышт. салм. 3,1-3,2.

Сподумен гранит пегматитинде кварц, талаа шпаты, лепидолит, берилл ж. б-лар менен бирге кезигет. Кунцит менен гидденит асыл жана кооз таш катары эсептелет. Сподумен - литий металлын алуучу негизги минерал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.