Спондилоартрит

Википедия дан
Спондилоартрит

Спондилоартрит — омурткалар арасындагы муундардын өнөкөт сезгенүүсү. Адатта бел, моюн омурткаларынын муундары жабыркайт. Анын кыймылдатпоочу жана деформациялоочу түрү бар.[1]

Кыймылдатпоочу спондилоартрит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыймылдатпоочу спондилоартритте омурткалар арасындагы диска жана омуртка денесинин өзгөрүшүнөн омуртка муундары кыймылсыз болуп калат. Көбүнчө 20— 40 жаштагы эркектерде кездешет. Оорунун пайда болуу себеби белгисиз. Адегенде оору башталганда омуртка муундары, анын тегерегиндеги тарамыш булчуңдары сезгенип, өзгөрөт. Оору бирде күчөп, бирде басаңдап көпкө созулат. Мында омурткалардын кыймылы улам начарлайт, көкүрөк, моюн омурткаларынын формасы өзгөрөт. Омуртка тутумундагы муундардан тышкары жамбаш, тизе, ийин муундары да жабыркайт.

Деформациялоочу спондилоартрит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Деформациялоочу спондилоартрит улгайган адамдарда байкалат. Мында моюн, бел, куймулчак омурткалары жабыркайт. Оорунун диагнозу рентгендик текшерүүдөн кийин коюлат. Ооруну дарылоону врач жүргүзөт. Массаж, айыктыруучу гимнастика, санаторий-курорттордо дарылануу, катуу ооруганда корсет жана башкалар сунуш кылынат. Деформациялоочу спондилоартритте жылуулук менен дарылоо, кээде түзөтүүчү операция жасалат. Деформация болуунун алдын алуу үчүн катуу, түз төшөккө жатуу, чойдуруу, гимнастика жана башкалар чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  1. Бехтерев оорусу: себептери, сипмтомалары жана диагнозу