Стамбеков Самидин

Википедия дан

Стамбеков Самидин акын. Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында 1959-жылы 8-мартта туулган. 1976-жылы Чаткал орто мектебин, 1980-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин аяктаган.

1980–1983-жж. Чаткал районундагы Чаткал орто мектебинде мугалим, директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары, 1983–1988-жж. Чаткал райондук «Чаткал оттору» гезитинде редактордун орун басары жана редактору, 1989–1993-жж. Бишкек шаарындагы «Вечерний Фрунзе», «Фрунзе шамы», «Ленинчил жаш», «Ак бата» гезит-журналдарында кабарчы, бөлүм башчы, редактордун орун басары, 1993–2001-жж. Чаткал районундагы К.Усупбеков жана М.Исмаилов атындагы орто мектептерде окуу бөлүмүнүн башчысы, мектептин директору, 2001–2004-жж. Жалал-Абад облустук мамлекеттик «Акыйкат» гезитинин башкы редактору 2004–2005-жж. облустук кыргыз тили комиссиясынын жетекчиси, 2005–2008-жж. облустук «Акыйкат» гезитинин башкы редактору, 2008-жылдын сентябрь айынан Жалал-Абад облустук коомдук-педагогикалык «Дил» гезитинин башкы редактору болуп иштеп келет.

Анын чыгармалары облустук, республикалык «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш», «Ленин жолу», «Мугалимдер газетасы», «Кыргыз туусу», «Эркин тоо» сыяктуу гезиттерге, «Ала-Тоо», «Жаш ленинчи», «Ак бата» журналдарында басылган.

Ал «Студенттик жаз-80», «Ала-Тоо жазы – 88», «Алыкулдун ак боз ат – 90» фестивалдарынын катышуучусу жана лауреаты болгон.

Ал Анна Ахматованын, Михаил Дудиндин, Лев Озеровдун, Николай Рубцовдун ырларын кыргыз тилине которуп, алардын айрымдары адабий журналдарда жарыяланган, айрымдары акындын «Алыстан жазылган каттар» деген ыр жыйнагына киргизилген.

2002-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алыстан жазылган каттар: Ырлар. – Жалал-Абад: “Элдердин достугу» университетинин басмаканасы. 2002. – 152 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]