Становой кырка тоосу

Википедия дан

Становой кырка тоосу - Чыгыш Сибирдеги кырка тоо системасы.

Олёкма дарыянын ортонку агымынан Учур дарыянын башталышына чейин созулат. Уз. 700 км, туурасы 100-180 км. Басымдуу бийикт. 1500-2000 м (эң бийик жери 2412 м). Узунунан кеткен өрөөндөр бөлгөн кондик багыттагы жарыш кырка тоолордон турат. Түндүк Муз жана Тынч океандардын суу бөлгучү.

Климаты катаал, континенттик. Жылдык жаан-чачыны 500 мм. 1200 м бийикке чейин кызыл карагай тайгасы, андан жогору жапалак кедр, тоо тундра өсүмдүктөрү өсөт. Кен байлыктары: алтын, сейрек кездешуучу металлдар, темир рудасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.