Стасов, Владимир Васильевич

Википедия дан

Стасов, Владимир Васильевич (1824, Петербург – 1906, ошол эле жер) – орус сүрөт жана музыка сынчысы. Петербург ИАнын ардактуу академик (1900). Архитектор В. П. Стасовдун уулу. Укук таануу окуу жайын (1836-43) бүткөн. С. сынчыл реализм өнөрүнүн демократиялык идеялуулугу, реакциячыл академизмге каршы орус көркөм маданиятынын улуттугу үчүн күрөшкөн. Адабият, искусство, музыка боюнча көп макала жазып, изилдөө ишин жүргүзгөн. Негизги эмгектери: “Орус искусствосуна жыйырма беш жыл” (1882-83), “Искусство XIX кылымда” (1901) жана башка Ал – В. Перов, И. Репин, И. Крамской, Н. Ге, М. Антокольский, М. Глинка, М. Мусоргский, А. Бородин жөнүндөгү монографиялардын автору. “Кубаттуу топтун” чыгармачылык принцибин негиздеген. С. – орус муз. өнөрү тууралуу тарыхый документ материалдарды топтогондордун, чет элдик композиторлордун (Л. Бетховен, Г. Берлиоз, Ф. Лист, Р. Шуман, Ф. Шопен, Э. Григ жана башкалар) чыгармаларын зор ынтызарлык менен пропагандалагандардын бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]