Стенография машинасы

Википедия дан

Стенография машинасы (гр. stenos - кууш, туташ жана grapho - жазам) - стенографиянын кандайдыр бир системасы боюнча сөздү тез басып жазгыч машина.

Стенограмманы машина менен жазганда атайын стенографиялык белгилердин ордуна кадимки тамгалар, эки жана андан коп тамгалардын айкалышы (аккорд) пайдаланылат. Стенограмма бир же дароо бир нече клавишаны басуу менен кууш (бир нече см) кагаз тилкесине туурасынан сап-сап кылып басылат; бир сапка бир тамга же бир аккорд жайгашат. Стенография машинасыда 1 - 120 жана андан көп сөз жазылат. Үндү магниттик жазуунун техникасынын енүгүшүнө, б. а. мисалы, диктофондун пайда болушуна байланыштуу Стенография машинасын жасап чыгаруу 20-кылымдын 50-жылдарында токтотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.