Степаненко Василий Васильевич

Википедия дан

Степаненко Василий Васильевич - Советтик Союз Баатыры (1945). Гвардия капитаны.

  • 1944- жылдан КПСС мүчөлүгүнө кандидат.
  • Сов. Армияга 1941-ж. Кыргыз ССРинин Москва (мурдагы Сталин) райондук аскер комиссариатынан чакырылган.
  • Улуу Ата Мек. согушта Борбордук жана 1-Украин фронтторунда салгылашкан.
  • 1945-ж. 23-январда 467- гвард. миномёттук Львов полкунун Степаненко командалык кылган 4-батареясы дивизиондо биринчи болуп Одер дарыянын батыш жээгине өтүп, душмандын 80 адамын, 10 автомашинасын, ок атуучу 5 точкасын талкалап, фашисттердин эки контрчабуулунун мизин кайтарган.
  • 25-январда анын батареясы Клейн - Альтхомен районунун аймагында бөтөнчө эрдик көрсөткөн.
  • Степаненко Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Беловодский кышаарындагы мектеп Степаненконун ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.