Стереоскоптуу кино

Википедия дан

Стереоскоптуу кино - кинематографиянын экранга түшүрүлгөн объектини көлөмдүү элес менен көрсөтүүчү түрү.

Стереоскоптуу кино көбүнчө көлөмдүү же үч өлчөмдүү кино деп да аталат. Табигый жана терен көрүнгөндөй элес калтыруучу телекөрсөтүү системасы. Сүрөттүн көлөмдүү болуп көрүнүшү кош көз менен көрүүгө негизделген, ошондуктан Стереоскоптуу кинодо бир эле объектинин сүрөтү бири биринен кандайдыр аралыкта турган эки позициядан (абалдан) берилет да, объектинин стереотүгөйдү пайда кылуучу эки сүрөтү түзүлөт, ал сүрөттөр көрүүчүгө айрым-айрым таасир этип, сол көзгө стерео түгөйдун сол жактагы сүрөтү, он көзгө он тараптагы сүрөтү көрүнөт. Ак-кара Стереоскоптуу кино системасында стереотүгөй сүрөттөр бир убакта же удаалаш көрсөтүлөт.

Бир убакта берүү ыкмасын Колдонгондо түгөй сүрөттөрдүн сигналдары берүүчү эки телекөрсөтүү камера менен байланыштын эки айрым каналы боюнча же берүүчү эки телекөрсөтүү түтүгү бар бир камера менен байланыштын бир каналы боюнча берилет. Сүрөттөрдү удаалаш ыкма менен бергенде стереотүгөйлөр оптикалык приставканын (күзгүлөр системасы же эки призма) жардамы менен берүүчү бир түтүктөгү фотокатоддун кодшу участкасына проекцияланат да, андан кийин байланыштын бир каналы боюнча удаалаш берилет. Түстүү Стереоскоптуу кино системасы түстөрдү, о. эле стереотүгөйдүн сүрөттөрүнүн жаркырактык градациясын берүүсү бир убакта жана удаалаш болушу мүмкүн. Түстүү стереотүгөйдүн сүрөттөрүн ажыратуунун методдору ак-кара Стереоскоптуу кинодой эле болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.