Стерилдөө

Стерилдөө — оорулууга керектүү түрдүү буюмдардан, тамак-аштан, дары эритмелеринен, медициналык аспаптардан, таңгычтардан жана башкалардан микробдорду жок кылуу.
Мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Стерилдөө операция жасоо, таңуу, дарылоо жана диагноз коюу жана башка учурда организмге микроб жугуудан сактайт ( Антисептика, асептика).
Стерилдөө жолдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Стерилдөөдө жогорку температура, ультракызгылт-көк нур жана чыпкалоо колдонулат.
Жогорку температура[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жогорку температурадан, ысытуудан бузулбаган буюмдар, таңгычтар, хирургиялык аспаптар жана башкалар атайын стерилдегичте кайнатылат же жогорку басым астында автоклавда стерилденет.
Чыпкалоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Айрым суюктуктар бактериялык чыпкалардан өткөрүлөт. Ысыктан бузулуучу аспаптарды, буюмдарды стерилдөөдө түрдүү химиялык заттар (спирт, этилен кычкылы, формалин жана башкалар) колдонулат.
Ультракызгылт-көк нур[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ал эми имараттарды, бөлмөлөрдү стерилдөө ультракызгылт-көк нурдун жардамы менен жүргүзүлөт. Үй шартында стерилдөөнү кайнатуу ыкмасы менен жүргүзсө болот. Мындай ыкма менен оорулуунун кийим-кечеси, аны багууга пайдаланылган буюмдар стерилденет. Тамак-ашты 100°ка чейин ысытып стерилдейт (Үй шартында консервалоо).