Мазмунга өтүү

Стероиддер

Википедия долбоорунан
Стероиддердин жалпы түзүлүшү, номерленген.

Стероиддер — өсүмдүк жана жаныбарлар, организминде пайда болгон татаал органикалык заттар.

Алар оптикалык активдүү, органикалык эриткичтерде жакшы, сууда начар эрүүчү кристаллдар. Стероиддер физиологиялык таасирине жараша бир нече топко бөлүнөт. Ага стериндер, D тобундагы витаминдер, от кислотасы, жыныс жана бөйрөк үстүндөгү бездердин гормондору, гликозиддер, сапониндер, айрым алкалоиддер ж. б. кирет.

Стероиддердин медицина, ветеринария жана мал чарбасында мааниси чоң болгондуктан алардын биохимиясы жана физиологиялык активдүүлүгү кеңири изилденүүдө.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.