Стивен Хокинг

Википедия дан
Стивен Хокинг (1974).

Стивен Уильям Хокинг (англ. Stephen William Hawking, айтылышы: /ˈstiːvən ˈhɔːkɪŋ/; Эмгек сиңирген медалы; 1942-жылы 8-январь — 2018-жылы) – англиялык физик-теоретик, космолог, жазуучу жана Кембридж университетинин Теориялык космология борборунун изилдөө бөлүмүнүн башкаруучусу. Хокингдин илимий эмгектерине Рожер Пенроуз менен салыштырмалуулуктун жалпы теориясы жаатындагы гравитациялык өзгөчөлүктүн теоремасы боюнча биргелешкен иши жана кара туңгуюктарын Хокинг радиациясы деп аталган нурданууларды чыгаруусунун теориялык жактан далилденген алдын ала чыгаруулары кирет. Хокинг биринчилерден болуп салыштырмалуулуктун жалпы теориясы менен кванта механиканын биригүүсү аркылуу түшүндүрүлгөн космология теориясы жөнүндө сөз кылган. Хокинг кванта механиканын Эвереттин чечмелөөсүнүн колдоочусу.

Хокинг Искусствонун королдук коомчулугунун урматтуу мүчөсү, Епископтук илимий академиясынын жашоо узактыгы боюнча мүчөсү жана АКШда эң ардактуу жарандык сыйлыгы болуп эсептелген президенттик "Эркиндик" медалынын сыйээси. 2002-жылы окумуштуу Би-Би-Синин "Эң мыкты 100 британиялык" сурамжылоосу боюнча 25-орунду ээлеген. Хокинг 1979-2009-жылдар арасы Кембридж университетинин математика адистигинин профессору болуп, өзүнүн теорияларын жана космология жөнүндө жалпы талкууларын жүргүзө алган популярдуу илим менен иштеп баштаганда финансылык жактан ийгиликке жеткен, окумуштуунун Замандын кыска тарыхы (англ. A Brief History of Time) аттуу китеби британиялык Sunday Times гезитинде эң көп сатылуучу китептер тизмесинде 237 апта бою жүргөн.

Хокинг аны жылдар бою акырындан шалдандырган сейрек кезигүүчү күчөп бара жаткан амиотрофикалык каптал склерозу менен жашайт. Учурда окумуштуу жалгыз жаак булчуңуна жармашылган сүйлөө апараты аркылуу сүйлөшөт.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хокинг Вячеслав Муханов менен бирге баштапкы ааламдагы галактикалар кванта термелөөлөрдөн түзүлгөнүн ачкандары үчүн, 2015-жылы негизги илимдер жаатындагы BBVA Foundation Frontiers of Knowledge Award сыйлыгына ээ болгон. 2016-жылы "Улуу Британиянын сыймыгы" сыйлык берүү аземинде Хокинг жашоодогу жетишкендиктери жана "британиялык маданиятына жана илимине салым кошкону үчүн" сыйлыкка ээ болгон.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]