Стиң

Википедия дан
Стиң

Гордон Мэттү Томас Самнер (англ. Gordon Matthew Thomas Sumner; 1951-жылы 2-октябрь) - Британия империясынын орденинин рыцари, Стиң (англ. Sting) сахналык аты менен таанымал болгон англиялык музыкант, ырчы, ыр жазуучу жана актер. Стиң 1977-1984-жылдар арасы, өзүнүн жеке чыгармачылык ишин баштоодон мурун, The Police нү-вейв рок тобунун бас-гитарчысы жана ырларынын негизги автору болгон.

Музыкасы рок, джаз, регги, классикалык музыка, нү-эйдж жана ворлдбит жанрлардын элементтерин камтыган. Соло музыкант жана The Police тобунун курамынын мүчөсү катары ал жалпысынан 16 "Грэмми" сыйлыгына (1980-жылы – "Reggatta de Blanc" (кырг. "Регатта де Бланк") альбому үчүн "Эң мыкты рок аткаруучу" номинациясы), үч Brit Awards сыйлыгына, анын ичинде 1994-жылкы "Эң мыкты британиялык эркек ырчысы" номинациясы жана 2002-жылы алган "Көрүнүктүү салым" номинациясы, "Алтын глобус", "Эмми" жана Оскар сыйлыгынын төрт "Эң мыкты түп нуска ыры" номинациясына татыган. 2002-жылы Стиң Ыр жазуучулардын атак-даңк музейине кошулуп, 2003-жылы The Police тобунун мүчөсү катары Рок-н-роллдун атак-даңк музейине кошулган. 2000-жылы чыгармачылыгы үчүн ага Голливуд атак-даңк аллеясынан жылдыз берилген. 2003-жылы Стиң музыкага кызмат кылганы үчүн ага Букингем сарайында Елизавета II тарабынан Британия империясынын рыцардык ордени ыйгарылган, 2014-жылы АКШдагы Ак үйдө Кеннеди борборунун сыйлыгына татыктуу болгон. 2017-жылы Уюлдук музыкалык сыйлыгына ээ болгон.

The Police тобу менен кошо Стиң дүйнө жүзү боюнча эң көп сатуулары болгон музыкалык артисти болгон. Жеке жана The Police тобунун курамындагы чыгармачылыгында ал 100 миллиондон ашык үн жазууларды саткан. 2006-жылы Paste Стиңти "100 эң мыкты ыр жазуучу" тизмесинде 62-орунга жайгаштырган. Ал VH1 каналынын "100 эң мыкты рок-артисти" тизмесинде 63-орунду алган, Q журналынын "20-кылымдын "100 эң мыкты музыка жылдызы" тизмесинде 80-орунда жайгашкан. Ал көптөгөн музыканттар менен бирге иштеген, алардын ичинде: Крейг Дэвид ("Rise & Fall" (кырг. "Өйдө жана ылдый")), Брайан Адамс менен Род Стүарт ("All for Love" (кырг. "Баардыгы сүйүү үчүн")), Элисон Краусс ("You Will Be My Ain True Love" (кырг. "Сен менин чыныгы сүйүм болосуң")). Ошондой эле ал Шеб Мами менен бирге ырдаган эл аралык "Desert Rose" (кырг. "Чөл роза гүлү") хити менен батыш угармандарга түндүк Африканын раи музыкалык жанрын тааныткан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]