Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту (Кыргызстан)

Википедия дан

Тарых

СИУИ жөнүндө Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту (КР СИУИ) Archived 2016-01-29 at the Wayback Machine 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен түзүлгөн. Институттун уставы 2011-жылдын 3-июнунда бекитилген. Институт республикада мурда иштеп жаткан үч уюмдун бириктирилиши аркылуу пайда болгон. Бул үч уюмдун катарында КР Президентинин карамагындагы Стратегиялык анализ жана баалоо институту, Кыргызстанды өнүктүрүү институту жана КР Президентинин карамагындагы Перспективалуу изилдөөлөр борбору болгон.

КР Президентинин карамагындагы Стратегиялык анализ жана баалоо институту (САБИ) өлкөдө 1994-жылдан бери иштеп келе жаткан КР Президентинин карамагындагы Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун негизинде 2009-жылы түзүлгөн. КР Президентинин карамагындагы САБИ өлкө башчысын Кыргызстандын дүйнөдөгү орду жана өлкөнүн ички абалы боюнча перспективалуу жана туруктуу аналитикалык маалымат менен камсыздоо, ошондой эле Кыргызстанды өнүктүрүү стратегияларын жана программаларын даярдоодо аналитикалык жактан көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн болчу.

Кыргызстанды өнүктүрүү фонду (ӨФ) 2010-жылдын февраль айында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын комплекстүү түрдө өнүгүүсүн камсыз кылган изилдөөлөрдү жүргүзүү, стратегияларды, программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу институттун негизги милдети болгон. Институттун иши башка уюмдар менен биргелешкен кызматташтык ишмердигинин негизинде жүргүзүлгөн. Өнүктүрүү институтунун ишмердиги Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттик тарабынан жөнгө салынган.

КР Президентинин карамагындагы Перспективалуу изилдөөлөр борбору (ПИБ) 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Экономикалык стратегиялар борборунун кайрадан түзүлүшү аркылуу түзүлгөн. Экономикалык өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча милдеттер борборго милдеттендирилген.

КР СИУИ экономика, саясат, коопсуздук жана мамлекеттик башкаруу тармагында КР Өкмөтүнүн ишине илимий, аналитикалык, маалыматтык жана тренингдик колдоо көрсөтөт.

КР СИУИ өз ишмердигин өлкөнүн Премьер-министринин түздөн түз жетекчилиги астында жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын жогорку бийлик органдары арасында илимий багытта иш жүргүзгөн жалгыз мекеме болуп саналат.

Максат жана милдеттери

Институттун максаттары жана милдеттери СИУИ миссиясы – илимий жактан негизделген, ийне жибине чейин эсептелген жана оор басырыктуу мамлекеттик чечимдердин иштелип чыгышына көмөк көрсөткөн, жогорку бийлик органдарына илимий жана аналитикалык кеңеш-көмөк берүү системасын киргизүү жана аны өнүктүрүү.

КР СИУИ саясий чечимдерди кабыл алууда илимий негиздүү көз карашты колдонууда башкы ролду ойнойт, бул үчүн илимий жана эксперттик коомчулук ишке тартылат. Мындайча КР СИУИ чечимдерди алуу механизминин заманбапташуусуна гана эмес, өлкөнүн интеллектуалдык ресурсун өнүктүрүүгө, илимдин жана экспертизанын аброюн көтөрүүгө, илимий иштердин стандарттарын эл аралык деңгээлге чыгарууга түрткү болот.

Институтка коюлган милдеттер

  • Экономика, саясат, коопсуздук жана мамлекеттик башкаруу тармагында КР Өкмөтүнүн жана башка жогорку бийлик органдарынын стратегиялык жана кезектеги чечимдерди чыгаруу процессине илимий, аналитикалык, маалыматтык жана тренингдик колдоо көрсөтүү;
  • КР Премьер-министрине сунуштарды иштеп чыгаруу;
  • Өлкөнүн илимий жана эксперттик коомчулугун аныктоо, топтоо жана мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү;
  • Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына, жеке менчик ишканаларга, эл аралык, бейөкмөттүк уюмдарга жана башкаларга сапаттуу изилдөө, эксперттик, маалыматтык жана тренингдик кызматтарды көрсөтүү;
  • Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен тыгыз жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты түзүү;
  • Өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган инновациялык долбоорлорду иштеп чыгаруу жана илгерилетүү;
  • Кыргызстандын илимий жана эксперттик коомчулугун эл аралык изилдөө долбоорлоруна тартуу.

Институттун функциялары

Коюлган милдеттерди аткаруу максаты менен институт төмөндөгү функцияларды аткарат:

- Эксперттик жана аналитикалык иштерди жүргүзүү үчүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес тапшырык берүү системасын жүргүзөт;

- Экономика, саясат, коопсуздук, мамлекеттик башкаруу жана инвестициялык саясат маселелери боюнча долбоорлорду иштеп чыгаруу, даярдоо жана ишке ашыруу үчүн консультацияларды, тренингдерди жана семинарларды уюштурат;

- Экономикалык жана инвестициялык саясат маселелери боюнча долбоорлордун сапатын текшерүү системасын ишке киргизет жана өнүктүрөт;

- Экономика, саясат, коопсуздук, мамлекеттик башкаруу жана инвестициялык саясат маселелери боюнча долбоорлорду башкаруу системасынын натыйжалуулугуна туруктуу анализ жүргүзөт.

Мүдүр - Султанов Талант Исакович

Султанов Талант 1999-жылы Сан-Франциско Мамлекеттик Университинде (Сан-Франциско, АКШ) “Эл аралык мамилелер” адистиги боюнча бакалавр даражасын алган. 2006-жылы “Эл аралык финансылар” багыты боюнча Колумбия Университетинде (Нью-Йорк, АКШ) магистратураны ийгиликтүү аяктаган. Султанов Талант эмгектик жолун “Карана” корпорациясында (ЮСАИД) баштаган (Алматы, Казакстан). Бул уюмда Борбордук Азияда чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү боюнча долбоордун Байланыштар боюнча мүдүрү болуп иштеген (2001-2003-жж.). 2003-2004-жылдарда Дүйнөлүк Банктын Борбордук Азиядагы Аймактык Өкүлчүлүгүндө тышкы байланыштар боюнча координатор болуп иштеген (Алматы, Казакстан). 2005-2006-жылдарда Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча Вице-Президентинин кеңсесинде кеңеш-көмөкчү болуп иштеген (Вашингтон, АКШ). 2006-2010-жылдарда “Казкоммерцбанк” акционердик коомунун Инвестициялык долбоорлорду талдоо бөлүмүн жетектеген (Алматы, Казакстан). 2010-жылдан бери Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин Финансы боюнча вице-президенти болуп иштейт. 2013-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институтун жетектейт. Султанов Талант Muskie стипендиясына татыктуу болгон. 1998-1999-жылдарда Факультеттин Эң мыкты студенти деп табылып, Sigma Iota Rho илимий коомчулугуна мүчө болгон (Сан-Фрациско, АКШ). 2004-2006-жылдарда Колумбия Университетинде Евразиялык студенттердин клубуна жетекчи болуп шайланган (Нью-Йорк, АКШ). 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Коомдук байкоо кеңешине мүчө.

Изилдоолор

СИУИнин изилдөөлөрү менен бул жерден таанышса болот Archived 2015-05-09 at the Wayback Machine

Тегерек столдор

СИУИда өткөн тегерек столдор менен бул жерден таанышса болот Archived 2016-01-29 at the Wayback Machine

Илимий журналдар

СИУИ эки илимий журналдарын чыгарат:

Ориентир Archived 2016-01-29 at the Wayback Machine

Стратегия Archived 2016-01-29 at the Wayback Machine