Мазмунга өтүү

Сукаева Жүзүмкан

Википедия дан

Сукаева Жүзүмкан Уз. 1929-ж. Тоң районунун Коңур-Өлөң айылында төрөлгөн.

Колхоздо эмгектенген. 1971-жылдан узчулугу жанданып, «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Тондогу боз үй жасоочу устаканасында үйдөн уздануучу чебери. СССР ЭЧЖКнүн күмүш медалынын ээси. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Жүзүмкан боз үйдүн жалпы жасалгалары: жабык баш, түндүк жабуу, эшик жабуу, кылдырооч, канат чий, чыгдан чий, эшик чий, тегирич, үзүк боо, туурдук боо, жабык баш боо, кереге чалгыч, жел боо, уук тизгич, саканак боо, кереге таңгыч сымал жасалга-колдонмо буюмдарын түгөлү менен кармайт. Мына ушундай көп кырдуу, терең сырдуу уздукту аркалоонун натыйжасында тиккен боз үйү райондук, областтык жана республикалык кароо-сынактарга катышууда. Уздун көркөм үлгүлөрдү сарысаптап жаратууда, уздук маанайда ич ара ар кандай түстөрдү бири бирине жалгаштырууда анын чыныгы чыгармачылык татымы бар. Жүзүмкан көркөм каражаттарынын ичинен шырдак оюмдары үчүн «куш канат оюмун», «чабалекей оюмун» көк-кызыл түстө айкалыштырган шартта «ак белги» (ак этеги) «омуртка оюмду» берет. Негизи уздуктун кан жолунда ал көлдүктөргө таандык оюм-көчөттөрүн таар, сайма, түймө, чий буюмдарында бири-бири менен эриш-аркак үндөштүрө алат. Ал боз үй көтөрүүдө өнөрканалардын атайын өтүнүчтөрү боюнча жүздөгөн боз үйлөрдүн ички-сырткы жасалгаларына узанган. Ал ак өргөөлөр колхоз совхоздорго ортолук үчүн, Монголия, Казакстан өңдүү жерлерге атайын экспонатталган.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. СССРдин түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата «Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы». Боз үйдүн жасалгалары үчүн ЭЧЖРКнүн I даражадагы диплому; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Боз үйү үчүн ЭЧЖРКнүн I даражадагы диплому; 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин областтык көргөзмөсү». Ашкана чийи үчүн Обкомдун жана Облаткомдун Ардак грамотасы; 1990 ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Шырдак, ала кийизи менен катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0