Сулайман Күчүков

Википедия дан

Сулайман Күчүков Юнусович (1880-1932) Туштук Кыргызстанда Совет бийлигин чындоо учун курошко катышуучу.
Ош уездинин Алай-Гулчо болушунда туулган.
Жаш чагында Ташкенде мал базарга келип,атасынан адашып калат.
Аны бир башкурт көпөс асырап алып, кийин окууга жашы жеткенде ОренбургдагыНеплюев кадеткорпусуна окууга берет.1911-ж ал корпусту бутуп, поручик наамын алган.
Биринчи дуйнөлук согушка катышып,"Озгөчө каармандыгы учун" ордени менен сыйланган жана орус армиясынын штаб-капитаны чинине дейре көтөрүлгөн.
Жарадар болуп Кыргызстанга кайтып келгенден кийин Ош шаарындагы мамлекеттик жылкы чарбасынын башчысы болуп иштеген.
1918-1919-ж Кызыл Армиянын ыктыярдуу отрядынын, 1920-ж январдан ноябрга чейин кыргыз атчандар дивизионунун, андан кийин полктун командири,Көр-Шермат,Нурмат колбашылардын негизги кчтөрун талкалоого катышкан.
Кызыл Туу орденинин ээси.
Басмачыларга каршы салгылашта оор жарадар болуп отсавкага чыккан.
Кийин жетекчи кызматтарда иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Урстанбеков.Б,Чороев.Т "Кыргыз тарыхы"энциклопедиялык сөздүк-Б,1990.