Сулпу-Кор

Википедия дан

Сулпу-Кор"Манас" эпосундагы топоним. Радлов жазып алган вариантта Манастын сөөгү коюлган жер катары айтылат. "Бул Таластын боюнда, Сулпу-Кордун өзүндө Алып барып койду дейт" (Радлов жазып алган вариант, 282). Бул жерди азыркы Каракол суусунун сол жээгинде жайгашкан Сулпукор күмбөзү деп божомолдоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4