Султанбаев Акылбек

Википедия дан

Султанбаев Акылбек 1967-жылы 18-апрелде Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган.

Мектепти бүткөндөн кийин, 1985-жылы Жалал-Абад шаарындагы ДОСААФ окуу жайына кирип, айдоочулук кесипке ээ болот.

Ошол жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Афганистан Республикасында в/ч 39678- байланыш батальонунда кызмат өтөгөн. СССРдин Жоокер интернационалист төш белгиси жана “За отвагу и мужество”, “За боевые заслуги” ж. б медалдары менен сыйланган. Армиядан кийин Ош шаарындагы соода техникумун бүтүрүп, учурда Жалал-Абад шаарында жашап, иштеп келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3