Султанов Абдиллажан

Википедия дан

Султанов Абдиллажан 1932-жылдын 7-ноябрында Сузак районунун Кашка-Терек айылында туулган.

  • 1950-жылы Көк-Арт мектебинен 10-классты бүтүргөн.Жалал-Абад шаарындагы педтехникумду аяктаган соң,
  • 1956-1957-жылдары Советтик Армиянын катарында кызматөтөгөн.Армиядан келгенден кийин,
  • 1958-жылдан 1961-жылга чейин Кашка-Терек, азыркы Сымкат жана Базар-Коргон районунун Көк-Алма айылдарында мугалим болуп иштеген.Улуу Ата-Мекендик согуштан кийин окубай калган балдар, кыздарды окутуп, Эл агартуу тармагында эмгек жолун баштаган.Шартка байланыштуу 60-жылдары Кашка-Теректен Октябрь айылына көчүп келип, Октябрь сельсоветинин ревизиялык комиссиянын төрөгалыгында дайындалат.
  • 1962-1974-жылдары Октябрь айыл кеңешинин секретары,
  • 1974-1976-жылары Сузак райондук Коргонуу бөлүмүнүн башчысы, Жалал-Абад сүт заводунда кабыл алуучу,
  • 1977-жылдан “Дружба” совхозунда эсепчи болуп эмгектенген,
  • 1979-жылы 47 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.Ардак грамоталар жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3