Сулуу жана түрү суук (тасма, 1991)

Википедия дан

"Сулуу жана түрү суук" (англ. Beauty and the Beast, орус. Красавица и Чудовище) - 1991 жылы "Walt Disney Feature Animation" өндүргөн жана "Walt Disney Pictures" жайылткан америкалык анимацияланган мюзикл жана романтикалуу фэнтези. Тасма Жин Мари Лепринс де Бимоң жазган француз жомогуна негизделген. Ал жомокту англис жана француз тилдеринде жазган. Ошондой эле 1946-жылы Жон Коктеу тарткан тасмадан да идеялар алынган. "Сулуу жана түрү суук"- текебердиги үчүн сыйкырдуу түрдө зөөкүргө айланган "түрү суук" жана сарайында камакка алган жаш сулуу бийкеч Беллдин ортосундагы мамилени баяндайт. Кайрадан канзаада болуш үчүн, түрү суук анын сүйүүсүнө ээ болушу керек. Болбосо ал түбөлүккө түрү суук бойдон калат. Тасмада үн коштогондор: Ричард Вайт, Жерри Орбах, Дэвид Огден Стирс жана Анжела Лансбюри.

Тасма дүйнө жүзү боюнча 425 миллион АКШ долларын табуу менен ийгиликке жеткен. "Сулуу жана түрү суук" сынчылардын жакшы сын-пикирлерине арзып, "Мыкты тасма -мюзикл жана комедия" категориясында "Алтын Гдобус" сыйлыгына ээ болгон жана "Оскар" наамына көрсөтүлгөн алгачкы анимациялык тасма болгон. Тасма "Мыкты музыка" жана "Мыкты ыр" категорияларында "Оскар" сыйлыгына татыктуу болгон. 2002-жылы тасма "маданий, тарыхый, эстетикалык жактан маанилүү" деп табылып, Американын Улуттук кино реестринде сакталууга тандалып алынган. Тасманын жаңыланган версиясы 2017-жылдын 17-мартында чыккан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]