Сундуң
Көрүнүш
Сундуң, зуңдуң (кытайча цзюнь-тунь — башкы, башкаруучу; өлкөнүн башчысы) — Цин империясынын (18-кылымдын аягы — 19-кылымдын башы) мезгилиндеги чыгыш Түркстандагы кытайдын башкы башкаруучусу. "Манас" эпосунда кытайлардын мансаптык наамы катары учурайт:
Ала-Белге жайлаган
Алеңгир жаасын шайлаган,
Алачолок байлаган
Аяр суңдуң Дөрө бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 101).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4