Супа Садык

Википедия дан

Супа Садык, Супа Саадак (арабча таң шооласы) — "Манаста" кездешүүчү убакытты белгилей турган түшүнүк. Саякбай Каралаевдин варианты вариантында "супа саадак" түрүндө берилген: "Супа саадак салганда Таң дүмпүйүп калганда" (Саякбай Каралаев, 1. 32). Ал эми Сагымбай Орозбаковдун вариантында мындай учурайт: "Супа садык чалганда, Таң саргарып калганда" (Сагымбай Орозбаков, 4. 79). Кыргыз тилинде "супа садык" формасы колдонулат. Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн эки мисалда тең С. с. бир эле түшүнүктү билдирет. С. с. таң каракчысы же болбосо таң супа салган учурду билгизет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4